Бишкектин Ленин районунда ЖК депутатын шайлоо өтүүдө

Бишкектин Ленин районунда ЖК депутатын шайлоо өтүүдө

Бүгүн, 10-сентябрда Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке кайра шайлоо өтүүдө.

Ленин районундагы 51 шайлоо тилкеси эртең менен саат 08:00до ачылган, кечинде саат 20:00до жабылат.

Аталган райондо жалпы 127 миң 239 шайлоочу бар. Алардын ичинен саат 10:00го карата 2 миң 60 адам (1,62%ы) добуш берген.

Депутаттыкка 24 адам талапкер катары катталган.

БШК жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырат.

Эскерте кетсек, быйыл 28-майда Бишкектин Ленин райондук шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өткөн. Бул шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан кийин өткөрүлгөн. 27-мартта Абиров мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан.

28-майда өткөн шайлоодо Дамира Ниязалиева эң көп добуш алган. Бирок ал добуш сатып алууга шектелип, анын талапкер катары каттоосу жокко чыгарылган. Ошондой эле, аталган шайлоодо экинчи орунду алган талапкер Улан Сариев да добуш сатып алууга шектелип жатканы кабарланган. Добуш сатып алуу фактылары боюнча кылмыш иштери козголгон.

БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, Ленин районунда кайра шайлоо өтө турган болгон.

Бул шайлоону өткөрүүгө бюджеттен 13 млн 208,8 миң сом кетет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>