Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыктыЖер тилкелерин документтештирем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалды
Жалал-Абад: Өспүрүм бийиктиктен секирип, өзүн өлтүрүүгө аракет жасады
18.11.2021 | 10:00
Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагына караштуу Жалгыз-Жаңгак айылында, 17 жаштагы мектеп окуучусу жогорку чыңалуудагы электр мамычасынан боюн таштаганга аракет жасады. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ӨКМге маалымат саат 17:18 түшкөн. Жерине 5 куткаруучусу тартылып, жерине 17:45 дө барышкан. Тажрыйбалуу куткаруучулардын жардамы менен 30 мүнөттүк сүйлөшүү болуп, боюн таштаганы аракет кылган бала куткарылып ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом