Жалал-Абад шаарында өзгөчө кырдаал алына элек

Жалал-Абад шаарында өзгөчө кырдаал алына элек

Жалал-Абад шаарына 17-март күнү саат 21:00 чамасында Көк-Арт дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Жалал-Абад облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттигинин балансындагы №10 дамбанын 6-астананын (порог) 15 метр тулкусун (телосун) суу жеп баштаган. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, шаардын аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында Жалал-Абад шаарынын  мэринин  18-март күнү  “Өзгөчө кырдаал” тартибин киргизген.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Э.Кулматов баштаган тиешелүү мамлекеттик органдар  жана “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” кызматынан 7 кызматкер, 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 2 ХОВО, 1 самосвал,  1 экскаватор, 1 ХОВО, 1 автокран иштеп жатат.  Тартылган техниканын жардамында 20 каттам кесилген таш жана 8 каттам темир бетон ташылып бекемдөө иш-чаралар жүргүзүлдү. 22-март күнү иш-чаралар улантылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>