Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Жалал-Абад: Түрмөдө аялдар кыйноого кабылды
06.09.2021 | 11:26
Жалал-Абад облусунун тергөө изоляторунда камакта отурган 5 айым тергөө абагынын кызматкери тарабынан кыйноого кабылганын Кыйноолордун алдын алуу борборунун басма сөз кызматы кабарлады.
№ 53 убактылуу кармоочу жайдын кызматкери Ж.М. аялдардын аярлуу жерин эркектердин көзүнчө кармап, күч колдонуп турчу. Сөз укпай койгондорун оор көнүгүүлөрдү жасатып, алы калбай калганча кыйнаганын айтып беришкен. Ошондой эле мөөнөтү өтүп, эскирип кеткен тамак-аштар менен камсыздап, 80 граммдын ордуна ар бир жаранга 15 граммдан ашпаган эт берилип келгени аныкталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом