Жалал-Абад: Заводдогу жарылууда күйүк алган 7 адамдын өздүгү такталды  

Жалал-Абад: Заводдогу жарылууда күйүк алган 7 адамдын өздүгү такталды  

Жалал-Абад шаарындагы темир ширетүүчү заводдун жарылышынан улам жабыркаган 7 адамдын өздүгү аныкталды.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Жалал-Абад шаарындагы Индустриальный көчөсүнүн №12 дарегинде жайгашкан  ЖЧК «Мин-Ксин» темир заводдун аймагында темир эритүүчү меш жарылып, 3 эркек киши ооруканага жеткирилген.

Жабыркагандар  —  1993-жылы туулган К.С, 1991-жылы туулган Б.А. жана 1996-жылы туулган А уулу А.. Алар оор күйүк жаракат алышкан жана оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ошондой эле, 4 эркек жеңил күйүк жаракат алышып, медициналык короодон өткөрүлгөн соң үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Алар —  2004-жылы туулган Ж.Э., кыргыз жараны, 1991-жылы туулган Р.С. өзбек жараны жана 2 кытай жарандары 1973-жылы туулган Ш.З., 1993-жылы туулган Л.Х.

Жерине 3 куткаруучу тартылган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>