Жалал-Абад: Жол кырсыктан 2 айлык ымыркай чарчап калды

Жалал-Абад: Жол кырсыктан 2 айлык ымыркай чарчап калды

Жалал-Абад – Казарман жолундагы автокырсыктан эки айлык наристе көз жумуп, бир нече жүргүнчү жарааты менен ооруканага жеткирилди.  Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 19-июль күнү, саат 12:00 чамасында Жалал-Абад – Казарман жолунда, тактап айтканда, Сузак районунун Комсомол айылынын Мазар-Булак тилкесинде болгон.

Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылынын тургуну өзүнө таандык Toyota Alphard үлгүсүндөгү автоунаасы менен жолдо катуу ылдамдыкта бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан оор жүк ташуучу автоунааны сүзгөн.

Toyota Alphard унаасында жалпы 14 жүргүнчү бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен айдоочунун эки айлык наристеси окуя болгон жерде каза болгон. Калган жүргүнчүлөр ар кандай жарааттары менен жергиликтүү бейтапканага жеткирилген.

Кырсыктын себептери териштирилүүдө.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>