Жалал-Абадда 11 жаштагы кыз аттракциондо каза болду. Бул тууралуу “Репортерго” Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынын инспектору Шеркул Турганбаев тастыктады.
Маалыматка ылайык, кырсык 6-ноябрда Жалал-Абад шаарындагы борбордук Токтогул сейил багында болгон. Анда Ош облусунун 2007-жылы төрөлгөн К.А. аттуу тургуну аттракционго урунуп көз жумган. Бул факты боюнча 282-беренесинин негизинде (Керектөөчүлөр үчүн коркунуч жаратуу) сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергөө иштери башталган.