Жалал-Абадда 18 жаштагы баланы учтуу нерсе менен ич жагына сайып, өлтүрүп кеткен кылмышкерлер кармалды

Жалал-Абадда 18 жаштагы баланы учтуу нерсе менен ич жагына сайып, өлтүрүп кеткен кылмышкерлер кармалды

Жалал-Абаддын опер кызматкерлери тарабынан жаш өмүргө кол салгандар кармалды. Бул тууралуу аталган облусттук ИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарынын тургуну 2000-ж.т. У.Д. жана Сузак районунун 2002-ж.т. тургуну Н.А. аттуу кыз кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 9-ноябрь күнү саат 11:30 чамасында Жалал-Абад областтык биргелешкен клиникалык ооруканасынын дарыгери жаш жигитти белгисиз атуулдар учтуу нерсе менен ич жагына сайып, денесине жараат келтиргендигин, жабырлануучу облусттук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы боюнча милицияга кабар берген. Ал эми 2 сааттан ашуун операция болгон жаш жигит ошол эле түнү денесинен алган жараатынан улам өзүнө келбей каза болгон.

Бул факты боюнча Жалал-Абад ШИИБнин тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар чогултулуп, 9-ноябрь күнү Жалал-Абад ШИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 39-беренеси (Кылмышка аракеттенүү), 130-беренеси (Киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Каза болгон жаран Сузак районунун тургуну, 2001-ж.т. К.Т. экендиги, окуя өз ара келишпестиктен келип чыккандыгы аныкталган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>