Жалал-Абадда 8 акимге кызматтык унаалар тапшырылды — сүрөт

Жалал-Абадда 8 акимге кызматтык унаалар тапшырылды — сүрөт

Бүгүн, 25-февралда Жалал-Абад облусундагы 8 райондун акимдерине кызматтык унаалар берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаалардын ачкычын президенттин администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору, Жалал-Абад облусунун куратору Улан Маматканов, Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев тапшырды.

Облус башчысы бул аракет мамлекет тарабынан район жетекчилеринин жумушун жеңилдетүү, аймактардагы көйгөйлөрдүн ыкчам чечилүүсүнө шарт түзүү болуп саналарын айтып, акимдерди өз милдеттерин жоопкерчилик менен аткарууга чакырды.

Белгилей кетсек, райондун акимдерине берилген Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар 2023-жылы чыгарылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>