АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Жалал-Абадда бир жумада 31 мас айдоочу кармалды
22.12.2020 | 13:19
Жалал-Абадда бир аптада 31 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу ЖКККББнын облустук бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан, облус аймагында 12-декабрдан 19-декабрга чейин жалпы 1200 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды.
Анын ичинен 31 айдоочу автоунааларын мас абалында, 461 айдоочу каттуу ылдамдыкта, 16 айдоочу алдыңкы терезелерин караңгылатып алган.
Ошондой эле жана башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 692 айдоочуга протоколдор түзүлгөн.
Бир жумада жалпы 92 автоунаа атайын айып короого токтотулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом