«Түндүк» тиркемесинде шайлоочулар үчүн жаңы кызмат ишке кирдиАнтимонополия кызматы мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенден кийинки бензиндин баасы тууралуу маалымдадыСоциалдык келишимдин катышуучуларына 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя берилетМектептерде 18 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген бала билим алуудаКыргызстандын мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар 26-июнда тапшырылатКочкордо 30 гектар айдоо жер мамлекетке кайтарылды
Жалал-Абадда бир жумада 31 мас айдоочу кармалды
25.01.2021 | 16:29
Жалал-Абад облусунда бир аптада 31 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын облустук бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, облус аймагында 16-январдан 22-январга чейинки бир жума аралыгында жалпы 1174 жол эрежелерин бузуу катталган. Алардын 31 учуру айдоочу автоунааларын мас абалында, 362 учур айдоочу каттуу ылдамдыкта, 9 учур айдоочу алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн болсо жана башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 772 айдоочуга протоколдор түзүлгөн.
Жума ичинде жалпы 135 автоунаа атайын айып короого токтотулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар