Жалал-Абадда “Брат” каймана аттуу жаран 5 кг баңгизат менен кармалды

Жалал-Абадда “Брат” каймана аттуу жаран 5 кг баңгизат менен кармалды

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында “Брат” аттуу каймана аттуу жаран баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баӊгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген атуулдарды аныктоо, алардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу максатында ыкчам иликтөө иш-чараларын өткөрүү учурунда Таш-Көмүр шаарынын аймагында “Брат” каймана аттуу аттуул баңгизатын сатып, жана сактап жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн. Бул факты Таш-Көмүр ШИИБде катталып, териштирүү иштери башталган.

Жалал-Абад облусу боюнча БМЖККБнын кызматкелери тарабынан ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында, Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык оорукананын түштүк тарабында Баткен облусунун Баткен районун 1976-жылы туулган К.М.А. аттуу тургундун турган жеринен текшерген учурда, он колунда кармап турган пакетине салынган, беш даана бөлүккө бөлүнгөн, кара күрөң түстөгү, өзгөчө кескин жыты бар зат экендиги аныкталды.

Криминалистикалык кызматтын кортундусунун негизинде беш даана бөлүккө бөлүнгөн, кара күрөң түстөгү, өзгөчө кескин жыты бар зат “гашиш” баңгизаты экендиги аныкталып, жалпы салмагы 5 кг 21 гр экендиги такталган. Учурда кармалган атуулдардын башка кылмыштарга тиешеси бардыгын жана алардын кылмыштуу байланыштарын аныкттоо максатында ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>