Айт намазда теракт жасоого жардам бере турган кыргыз жараны кармалды

Айт намазда теракт жасоого жардам бере турган кыргыз жараны кармалды

Терроризмге каршы жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө 9-июлда УКМК тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагынан “Катиба аль Таухид валь-Жихад” эл аралык террористтик уюмунун активдүү колдоочусу Р.Ж. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ал  ушул жылдын 7-июлунда борбор калаада кармалган Сириядан келген эки чет элдик согушкерди тосуп алып, бүлүнтүү жана террордук аракеттерди жасоонун кылмыштуу пландарын ишке ашырууда аларга жардам бермекчи болгон.

Кармалган террордук уюмдун мүчөлөрү Кыргызстанга ушул жылдын 9-июлунда айт намаз убагында террордук акт жасоо максатында келишкен.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган КР жараны узак убакыт бою чыгыш мамлекеттеринин биринде чет өлкөдө жүргөнү, ал жерде анын Кыргызстанда кылмыштуу ишмердүүлүгүн координациялап турган тууганы тарабынан радикалдык-экстремисттик идеологияга аралашканы аныкталган.

Р.Ж. Сирияда атайын террористтик даярдыктан өткөн деген ыкчам маалымат бар. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Аталган террордук топтун башка тарапташтарына карата ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>