Аксыда чек арачыларга баш ийбей, кол көтөргөн жарандар кармалды

Аксыда чек арачыларга баш ийбей, кол көтөргөн жарандар кармалды

Мамлекеттик чек арадан аткезчилик жол менен мал алып өтүп, чек арачыларга каршылык көрсөткөн Аксы районунун тургундары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлайт.

Билдирүүгө ылайык,  24-июлда Чек ара кызматы тарабынан Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы такталбаган мамлекеттик чек ара тилкеси аркылуу малды мыйзамсыз алып өтүү фактысы катталган.

«Ошол учурда чек арачы тарабынан мамлекеттик чек араны бузгандарды кармоо аракети көрүлгөн, бирок бир топ адамдар чек арачылардын мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбастан, мал айдап өтүүнү улантышкан. Мыйзамсыз аракеттерди токтотуу максатында чек ара отряды эскертүү иретинде асманга ок чыгарган, бирок аткезчилер  аларга карата агрессия көрсөтүп, бийлик өкүлдөрүнө кол салууга аракет кылышкан. Ошол эле күнү жогорудагы фактылар боюнча  кылмыш иши козголгон. Ыкчам-изилдөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жогорудагы кылмыштарга тиешеси бар 5 адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп жазылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>