Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул эки эсе көбөйдү

Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул эки эсе көбөйдү

Кыргызстандын мыйзамдары менен иштеген жарандарга убактылуу эмгекке жарамсыз болгон учурда социалдык кепилдиктер каралган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция  министрлиги маалымдагандай, иштеп жаткан жарандар ооруп калган учурда, аларга убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул төлөнөт.

“Жөлөкпул биринчи он иш күнү үчүн эмгек акынын 100% өлчөмүндө, ал эми 11-иш күнүнөн тартып 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө иш берүүчүнүн өздүк каражатынын эсебинен төлөнөт. Жөлөкпулду төлөө үчүн негиз болуп убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы саналат.

Буга чейин убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул 11-иш күндөн тартып айына 50 эсептик көрсөткүч (5000 сом) өлчөмүндө төлөнүп келген, ал эми 2023-жылдын 13-апрелинен тартып иштеген жарандарга карата социалдык колдоону күчөтүү максатында анын өлчөмү 100 эсептик көрсөткүчкө чейин көтөрүлүп, 10 000 сомду түздү”, — деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон белгилешкендей, бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын шарттарда иштеген жарандарга жөлөкпулду төлөө эмгек акынын толук өлчөмүндө, башкача айтканда эмгек акынын 100% өлчөмүндө жүргүзүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>