Жалал-Абадда дагы бир жашыруун тоннель табылды

Жалал-Абадда дагы бир жашыруун тоннель табылды

Жалал-Абадда чет өлкөлүк жарандарды жана аткезчилик жүктөрдү Өзбекстанга тоннель аркылуу өткөрүп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 5-апрелде «Достук» бекетине жакын жерден чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Өзбекстандын 40 жаштагы Х.Б. аттуу жараны кармалган.

Өзбекстандын жараны

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз бузуп өтүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдары учурунда жарандарды кыргыз-өзбек чек арасынан жашыруун тоннель аркылуу мыйзамсыз өткөрүп жүргөн адам бар экени аныкталган. Бул факт боюнча 168-беренеге (мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) ылайык дагы бир кылмыш иши козголгон.

12-апрелде Өзбекстандын жарандарынан акча алып, жашыруун тоннель аркылуу өткөрүп жаткан Жалал-Абаддын 39 жаштагы К.Х. аттуу тургуну кармалган.

Кыргызстандын жараны

Анын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, аткезчилик жол менен алынып өткөн 87 кутудагы дары-дармектин 41 түрү (арасында психотроптук дарылар да бар) табылын алынган. Табылган дары-дармектерге тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Эскерте кетсек, буга чейин Жалал-Абадда кыргыз-өзбек чек арасында жашыруун 2 тоннель табылган.

Сузакта аткезчилик жүк ташуу үчүн казылган дагы бир тоннель табылды (видео)

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>