Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиев боюнча депутаттык комиссияга жардам берет

Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиев боюнча депутаттык комиссияга жардам берет

Башкы прокуратура саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата айтылган маалыматтарды текшерүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссияга жардам берет. Бул тууралуу Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал депутат Жусупбек Коргонбай уулунун билдирүүсү боюнча текшерүү жүргүзүлө электигин айтты.

«Биз сиз айткан маалыматтарды текшерип баштайлы дегенбиз. Бирок парламентте комиссия түзүлгөндөн кийин жолтоо болбой туралы дедик. Депутаттар иш баштаганда бизди чакырыңыздар, жардамыбыз керек болот», — деди ал.

Курманкул Зулушевдин айтымында, министрге карата козголуп, кийин токтотулган кылмыш иши дагы жаңы жагдайлар ачылса кайра жанданышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, 2022-жылы Алымкадыр Бейшеналиев 7 кылмыш ишине шектелип кармалган. Анын бирөө — «Коррупция», экөө — «Акча опузалоо», төртөө — кызмат абалынан кыянаттык беренелеринин негизинде козголгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>