Жалал-Абадда индиялык студент кызды сүзүп кеткен айдоочу камалды

Жалал-Абадда индиялык студент кызды сүзүп кеткен айдоочу камалды

Жалал-Абад шаарында 24 жаштагы Индиянын жаранын сүзүп кеткен айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 14-майында саат 22:00 чамасында, Жалал-Абад ШИИБге кабар келип түшкөн. Анда Курманбек көчөсүнөн түштүгүнөн түндүктү карай келе жаткан «Мерседес Бенц»  үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу — 2001-жылы туулган Т.К. аттуу жаран, Индиянын  2004-жылы туулган жаранын, Жалал-Абад мамлекеттик медициналык  факультетинин студентин Tarnum Khanды  сүзүп  кеткендиги кабарланган.

24-май күн Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 312- беренеси менен кылмыш иши козголгон. Козголгон ылмыш ишинин алкагында 25-май күнү «Мерседес Бенц» унаасынын айдоочусу К.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилди.

Маалым болгондой, жабырлануучу кыз Жалал-Абад шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө түшүп, башына операция жасалган. Учурда ал комада. Индиянын элчилиги жабыр тарткан студентти Делиге алып кетүүгө даяр экендигин билдиргени менен аны ташууга медициналык себептерден улам мүмкүн эмес экендиги айтылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>