Жалал-Абадда каракчылык кылып жаткан адамдын кармалган видеосу

Жалал-Абадда каракчылык кылып жаткан адамдын кармалган видеосу

Жалал-Абадда жарандарды коркутуп, каракчылык менен алектенген адам кармалды, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 24-январь күнү Сузак районунун 29 жаштагы тургуну М.М. Жалал-Абад ШИИБге арыз менен кайрылган.

Анын айтымында, 21-январь күнү саат 19:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүндө Бека аттуу жигит эки досу менен уруп тепкилешип, бычак менен коркутуп, 29 000 сомдук “Поко М4” үлгүсүндөгү телефонун тартып алышкан. Ошондой эле, жабырлануучуга “15 000 сом менен дагы бир телефон берсең, телефонуңду берем” деп Бека аттуу жигит дагы акча каражатын талап кылган.

Чогултулган материал 24-январь күнү Жалал-Абад ШИИБде катталып, Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши боюнча берилген тергөө тапшырмасынын негизинде ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында Бека аттуу жигиттин өздүгү такталган.

Ал мурда бир нече соттолгон Сузак районунун тургуну 2000-жылы туулган Т.Б. экендиги такталган.

Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 24-январь күнү саат 21:40 чамасында Жалал-Абад шаарынын аймагында “ДЭУ Матис” унаасына тинтүү жүргүзүү жана шектүү 2000-жылы туулган  Т.Б.ны кармоо иштери жүргүзүлүп, шектүүнүн колунан талап кылган акчалар жана 1 даана бычак табылып алынган.

Жабырлануучу менен шектүүнүн ортосунда карама-каршылыктар болгондуктан, алар беттештирилип, далил буюмдар алынган.

Ал эми шектүү Т.Б. Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Териштирүү иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>