Жалал-Абадда коңшу өлкөнүн жараны алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, быйыл жыл башынан бери Жалал-Абаддын милициясына шаар жана Сузактын 11 тургуну кайрылып, Гулум аттуу аял товар алып, аны сатып «акчасын 3 күндө алып келем берем» деп качып жүргөнүн билдиришкен.
Аталган фактылар боюнча «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 54 жаштагы Г.Ю. аттуу аял Оштон кармалган. Ал Жалал-Абадга алып келинип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Кийин аталган аял коңшу мамлекеттин жарыны экени аныкталган.
Учурда анын башка алдамчылык иштерге катыштыгы текшерилүүдө. Мындан улам Жалал-Абаддын милициясы аталган аялга алдангандар болсо, аларга кабар берүүсүн суранат.