Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Садыр Жапаров Берлинге расмий сапар менен барды
26.11.2024 | 09:08
Президент Садыр Жапаров Германиянын борбору Берлинге расмий сапар менен барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жапаровду Берлиндеги аэропорттон Германиянын Тышкы иштер министрлигинин протокол жетекчисинин орун басары Фолькер Тиммерман жана башка расмий адамдар тосуп алды.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров президент Франк-Вальтер Штайнмайер жана канцлер Олаф Шольц менен жолугуп, сүйлөшүү өткөрөт.
Ошондой эле ал Германиянын бизнес өкүлдөрү менен жолугушат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом