Жалал-Абадда мал уурулар кармалды

Жалал-Абадда мал уурулар кармалды

Жалал-Абад облусунун аймагында мал уурдап жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, ушул жылдын июль айында Ноокен райондук милициясына 4 жаран мал уурдаткандыгы тууралуу арыз менен кайрылышкан.

[su_quote]11-июлга караган түнү О.Ж. аттуу адамдын 12 000 сомдук ак сары түстөгү  торпогу, 19-июлда А.Н. аттуу жарандын  базар баасы 15 000 сомдук бир баш кызыл-күрөң түстөгү торпогун, 19-июлда А.А. аттуу адамдын саат  аркандап койгон базар баасы 8000 сомдук торпогун,  20-июлда  М.Х. аттуу  адамдын  базар баасы 16 000 сомдук  ак сары түстөгү торпогу, торпогун белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдиришкен.[/su_quote]

Жогорудагы  фактылар Жазык кодексинин “Уурулук” беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам иликтөө иш чараларынын натыйжасында аталган кылмыштарга  шектелип 27 жаштагы П.Ш., 24 жаштагы Т.И жана 21 жаштагы А.С. аттуу Ноокен районунун тургундары жана Базар-Коргон районунун 18 жаштагы С.С. аттуу тургуну кармалган.

Тергөөдө алар уурдалган малдарды жакынкы райондордогу мал базарларларга алып барып сатып жүрүшкөндөрүн айтышкан.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>