Садыр Жапаров президенттен ырайым сурап жазган катына жооп ала элек

Садыр Жапаров президенттен ырайым сурап жазган катына жооп ала элек

Камакта жаткан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров мындан бир ай мурда президенттен ырайым сурап, кат жазган. Бирок бир айдан бери жыйынтык жок. Бул тууралуу Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

Токтосуновдун айтуусунда, Садыр Жапаров өзү ырайым сураса бошотула турганын жакындары айтышкан.

«Садыр Нуркожоевич президентке ырайым сурап кат жазганына бир ай болуптур. Бирок бул тууралуу менин маалыматым жок болчу. Жапаровдун жакындарына өйдө жактагылар «Өзү ырайым сурап арыз жазса бошотобуз» деп айтышкан экен. Өлкө башчыга кат жетиптир.  Президенттик аппараттан Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына кайра жөнөтүлгөн», — деди ал.

Жактоочу иш 14 күндүн ичинде каралууга тийиш экенин айтып, жогору жактан бир жооп болушу керектигин белгиледи. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>