Жалал-Абадда милиционерлер футболдук мелдешке түштү  

Жалал-Абадда милиционерлер футболдук мелдешке түштү  

Эртең, 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата, ошондой эле милиция кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу, спорт аркылуу сергек жашоону даңазалоо максатында спорттун кичи футбол түрү боюнча Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кубогу үчүн мелдеш өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мелдешке Жалал-Абад ОИИБдин жана шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн, 704 Ички Аскер бөлүгүнүн, Атайын багыттагы полкунун жана Атайын операциялар отрядынын курама командалары катышты. Кичи футболго жалпы 10 команда катышып, 2 тайпага бөлүнүп оюн жүргүзүштү.

Тайпалык кызыктуу оюндардын жыйынтыгында финалдык беттеште баш байге үчүн 4 команда күч сынашып, натыйжада Атайын багыттагы полку Ички Аскер командасын жеңип 3-орунду ээлесе, финалда Атайын операциялар отрядынын командасы Сузак РИИБдин курама командасы менен негизги мүнөттөрдө тең чыгып, «пенальтинин» жыйынтыгы менен жеңилип, 2-орунду, ал эми Сузак РИИБдин командасы 1-орунду алды.

Жеңүүчүлөр кубок, диплом, медалдар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ошону менен катар оюндун жүрүшүндө мыктылар да сыйлыктарга татыктуу болушту.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: футбол

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>