Талас: «Альянс Алтын» 150 окуучуга мектеп формаларын тапшырды

Талас: «Альянс Алтын» 150 окуучуга мектеп формаларын тапшырды

1-сентябрь – Билим күнүнө карата Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясы Талас районундагы төрт орто мектептин 1-класска бара турган 150 окуучусуна мектеп формаларын белек кылды. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Мектеп формалары 27-августта Бекмолдо айыл өкмөтүндөгү Асылкан Бөрүбаев, Жумагул уулу Алымкул, Гүлай Орозалиева жана Хан-Бүргө орто мектептеринин окуучуларына таратылды.

Компаниянын басма-сөз кызматынын кызматкери Нурмухамед Жумабеков «Альянс Алтын» жергиликтүү тургундарга ар кандай жардам көрсөтүп келерин айтты.

«Альянс Алтын» компаниясы ар дайым майрамдарда жергиликтүү аймактын тургундарын куттуктап, ар кандай жардамдарын берип келет. Бул жолу компания  мектеп босогосун аттай турган 150 окуучуга костюм-шым, экиден көйнөк белек кылды. Демилге компаниянын жетекчилиги тарабынан көтөрүлгөн. Берилген мектеп формалары Кыргызстандагы алдыңкы тигүү цехтеринин бири болгон «Айко Сейко» компаниясы тарабынан тигилип, биргеликте тапшырылды», — деди ал.

Материалдык жактан колдоо көрсөтүп келген компанияга мектеп администрациялары ыраазычылык билдирип, атайын «Ыраазычылык каттарын» тапшырышты.

«Альянс Алтын» компаниясы Билим күнүнө карата жакшы бир маанай тартуулашты. Мен билимге жасалган инвестиция эң жакшы инвестиция деп ойлойм. Бүгүнкү биздин кичинекей окуучулар – эртеңки келечек ээлери. Келечекке кам көрүп жаткандыгы үчүн компанияга ыразычылыгыбызды билдиребиз. Бир гана формалар эмес, ар дайым материалдык жардамын берип келишет», — деди Кара-Ой айылындагы Асылкан Бөрүбаев орто мектебинин директору Эржан Асыранов.

Компаниянын мындай белеги окуучуларга сүйүнүч тартуулоо менен бирге ата-энелерин дагы кубандырды. Кызын 1-класска алып келген Бегимай Мухтарова да компаниянын бул демилгесине ыраазы.

«Балдарыбызга берилген формалар жакты. Сапаты мыкты экен. Кээ бир үй-бүлөлөрдө үч, төрттөн бала мектепке барат, аларга абдан эле жеңилдик болду да. Мен окуучунун ата-энеси катары «Альянс Алтын» компаниясына рахматымды айтам», — деди ал.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>