Активист: Убагында Садыр Жапаров да бийликке «лжепатриот» болуп көрүнгөн

Активист: Убагында Садыр Жапаров да бийликке «лжепатриот» болуп көрүнгөн

Бүгүн, 30-августта Бишкекте камакта жаткан активисттерди бошотууну талап кылган митинг болуп өттү. Анда активисттердин тарапташтары, туугандары президент Садыр Жапаровго кайрылып, оюн ачык билдиргени үчүн камакта отурган активисттерди бошотууну талып кылды.

Алгач митинг өкмөт үйүнүн жанында Лениндин эстелигинин алдында өтмөк. Бирок милиция кызматкерлери сот тарабынан 1-сентбярга чейин өкмөт үйүнүн алдында митингдерге тыюу салынган деген жүйө менен акцияны өткөрүүгө уруксат берген жок. Мындан улам акция Максим Горький атындагы сейил бакта уланды.

Акцияга Адилет Балтабай, Ырыс Жекшеналиев, Мелис Аспеков, Тилекмат Куренов жана башка камакта отурган активисттердин тарапташтары, укук коргоочулар, активисттер катышты.

Акция учурунда активист Нурбек Муктар президентке кайрылып, ал да убагында камалып, куугунтук көргөнүн эске салды.

«Садыр Жапаров Жетим-Тоо, Жерүй, Кумтөр деп жүгүрүп жүргөндө ошол убактагы бийлик үчүн «бузуку», «лжепатриот», «көөдөнү сокур» адам болчу. Ошол убактагы бийлик Садыр Жапаровду ал маселелерди козгойсуң деп түрмөгө отургузуп, куугунтукка алган. Анда да биз Садыр Жапаровду колдоп, митингдерди өткөрүп, сөз эркиндиги, эркиндик болсун деп чыкканбыз. Эсиңиздерде болсо, милиция балдарын, элди сабап, кууган учурлар болгон. Ошондой убакытты башыбыздан өткөрдүк. Мунун баарын Садыр Жапаров убагында көргөн. Жашоо – бумеранг. Садыр Жапаров бийликте отурат. Тилекке каршы, эми Кумтөр, Жетим-Тоо, Жерүй, казино жабылсын деп жүгүрүп жүргөн саясий активисттер азыркы бийликке «лжепатриот», «бузуку», «көөдөнү сокур» адамдарга айланды. Ошондуктан биз бул адамдарды саясий куугунтукка алып, түрмөгө камай бергенди токтотууну талап кылабыз», — деди ал.

Аны менен бирге ал Садыр Жапаровдун «куугунтук жасабайм» деген убадасы бар экенин айтып, убадасын аткарууга чакырды.

«Садыр Жапаров мындай нерселерге барбашы керек. Анткени Садыр Жапаровдун өзүнүн убадасы бар. Ал убадаларыма тура албасам, атам менен апам кечирбейт, саясий куугунтук кылбайм деген. Ошондуктан өз оюн эркин айткан балдарды, кыргыздын жигиттерин түрмөгө камап кыйноолорун токтотуусун, өз убадаларын аткаруусун талап кылабыз. Кыргызстанда саясий куугунтуктар болбосун, сөз эркиндиги, демократия болсун. Баарына эркиндик тилейбиз», — деди ал.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 14-августта Жетим-Тоо боюнча фейсбукка жазган билдирүүсүндө, аталган кендин айланасында айрым «лжепатриоттор» маалыматты бурмалап жатканын билдирип, аларга чара көрүүнү укук коргоо органдарына тапшырган. Андан мурдараак президент «Кумтөр» боюнча коюлган келишим тууралуу сын айткандарды «былжырактар» деп атаган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>