Бүгүнтөн тарта мамлекеттик кызматкерлердин маянасы көтөрүлөт

Бүгүнтөн тарта мамлекеттик кызматкерлердин маянасы көтөрүлөт

Бүгүн, 1-августтан тарта бардык мамлекеттик кызматкерлердин маянасы көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып билдирген.

Анын айтымында, буга чейин мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият кызматкерлеринин айлык маянасы көтөрүлгөн.

“Эми бардык тармактагы мамлекеттик кызматкерлердин маянасын ушул жылдын 1-августунан тарта көтөрөбүз деген пландарыбыз бар”, — деген президент.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик кызматкерлердин маянасын көбөйтүү багытына өкмөт дагы 9,6 миллиард сом даярдап жатканын айткан.

Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин саны 28 миңге чамалайт.

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көбөйтүү максатында бюджеттен 26 млрд. сом кошумча бөлгөн. Анын 16 млрд. сому билим берүү тармагына кеткен. Андан сырткары дарыгердин айлыгына 50%, маданият чөйрөсүндө иштегендердин акчасына 80% кошулган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Тэги: маяна

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>