Жалал-Абадда системалык түрдө пара алган кызматкер кармалды  

Жалал-Абадда системалык түрдө пара алган кызматкер кармалды  

Жалал-Абад шаарындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын калкты тейлөө борборунун кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан системалуу коррупцияны жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 22-августта Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү пара алуу боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып козголгон кылмыш ишинин негизинде, Санариптик өнүктүрүү министрлиги алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад шаарындагы Калкты тейлөө борборунун кызматкерин кармады. 1981-жылы туулган С.Б.Б., жаран паспортторду мыйзамсыз берүү, системалуу түрдө пара алуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды.

Жалал-Абад шаарындагы Калкты тейлөө борборунун кызматкери С.Б.Б., Кыргыз Республикасынын жаранынын жашы жете элек балдарга 2021-жылдын үлгүсүндөгү жарандык паспортторун мыйзамсыз тариздөө жана берүү, кийинчерээк аларды башка жактарга алып чыгуу үчүн 1000 сомдон 15000 сомго чейин акча каражаттарын системалуу түрдө алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүп алган, ошондой эле «ортомчулардын» жардамы менен жашы жете элек баланы Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгууга баланын ата-энесинин биринин (негизинен улуту өзбек) атынан жарандын жарандык паспортун берүүгө жана алууга укук берген жасалма ишеним каттарды даярдашкан.

Учурда системалуу түрдө акча каражаттарын алуу (пара алуу) туралуу байланыштарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: пара алуу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>