Чаткалда тургун октон жараат алып, ооруканага түштү. Милиция эмне дейт?

Чаткалда тургун октон жараат алып, ооруканага түштү. Милиция эмне дейт?

Жалал-Абадда 38 жаштагы жаран октон жараат алып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-июлда болжол менен саат 14:30да Чаткал районунда 30 жаштагы С.Ж. аттуу тургун жанында алып жүргөн ок атуучу курал менен 38 жаштагы Ж.С. аттуу жаранды бир нече жолу атып жиберген. Натыйжада Ж.С. алган жараатынан улам Чаткал райондук ооруканасына жаткырылган.

Бул факт каттоого алынып, окуя болгон жерге Чаткал райондук милициянын жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барып, кароо жүргүзүү учурунда 1 ок жана 8 гильза табылып алынган. Андан сырткары, С.Ж. аттуу шектүү тергөө-ыкчам тобуна өз ыктыяры менен ок атуучу куралын өткөрүп берген.

Аталган окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>