Камчыбек Ташиев матчество боюнча үн катты

Камчыбек Ташиев матчество боюнча үн катты

УКМкнын башчысы Камчыбек Ташиев Конституциялык соттун матроним (матчество) тууралуу чыгарган чечими боюнча үн катты.

Ал «Фейсбуктагы» баракчасына «эч кандай матчество болбошу керек. Ким (чечим — ред.) кабыл алган болсо, өзү кайра жокко чыгарышы керек! Бул менин жарандык позициям» деп жазды.

Эскерте кетсек, буга чейин Конституциялык сот жаран 18ге толгондон кийин фамилиясындагы «атасынын аты» деп жазылган жерге энесинин атын жаздырууга укуктуу деген чечим чыгарган. Бул маселенин каралышына активист Алтын Капалованын кайрылганы себеп болгон. Ал кайрылуусунда ата-энеге баласына матчество берүү маселесин кароону суранган. Бирок сот активисттин «ата-эненин балага матроним берүү укугун таануу» тууралуу өтүнүчүн колдогон эмес. Анын себеби баланын фамилиясында эненин аты болгондо, ал салттуу коомдо кодулоого дуушар болушу мүмкүндүгү менен түшүндүрүлгөн. Ошол эле учурда сот ар бир жаран 18ге толгондо (кааласа) фамилиясына матроним жаздырууга укуктуу деп чечкен.

Буга чейин матроним маселеси боюнча Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиев оюн билдирген.

Муфтият «матчество» тууралуу билдирүү таратты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>