Жалал-Абадда тургунду башына атып өлтүргөн адамга өкүм чыкты

Жалал-Абадда тургунду башына атып өлтүргөн адамга өкүм чыкты

Жалал-Абадда 2011-жылы таанышын башка атып, өлтүрүп кеткен адамга сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтында айтылат.

Маалым болгондой, окуя 2011-жылы 11-февралда болжол менен саат 18:10до болгон. Шавкат (аттар өзгөртүлдү) Сузай районундагы чач-тарачтардын бирине келип, ал жакта сакалын алдырып жаткан Анварды тапанча менен башка атып, качып кеткен.

Андан кийин ал чет өлкөгө чыгып кетип, эл аралык издөөгө алынган. Былтыр 10-мартта ал Польшанын чек арачылары тарабынан кармалып, 10-сентябрда Кыргызстанга экстрадицияланган.

Сотто айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, Анвар экөөнүн ортосунда келишпестик болгонун билдирген. Анын айтымында, бир тууган агасы Россияда жүргөндө, Анвар ага ок атып, бирок байкеси аман калган.

2011-жылы 11-февралда ал Анвар менен сүйлөшүүгө барган. Тапанчаны өзүн коргоо үчүн алып алган. Чач-тарачка барганда, Анвар экөөнүн ортосунда чыр болуп, Шавкат Анварды атып салган.

Окуядан кийин ал алгач Өзбекстанга чыгып кетип, андан соң Түркияга барып, ал жакта жашап жүргөн. Кийинчерээк Украинага барган.

Шавкат жабырлануучу тарап менен жарашканын, жасаган кылмышына өкүнүп жатканын айтып, соттон жеңил жаза берүүнү суранган.

Соттук отурумда маркум Анвардын апасы уулу устачылык менен алектенип келгенин, 2009-жылдары айыпталуучу менен өз ара пикир келишпестиги болгонун, аларды жараштырууга аракет кылгандары менен андан майнап чыкпаганын билдирген. Учурда айыпталуучу менен жарашканын, ага доо арызы жок экенин айткан.

Сотто күбө катары суралган чач-тарачтын кызматкеринин айтымында, 11-февралда ал Анвардын сакалын алып жатканда, көчөдөн кара түстөгү куртка кийген адам келип, Анварды башына атып салган.  Бирок ал ким атканын көрбөй калган. Окуядан кийин маркумду ооруканага алып кетишкен.

Ишти алгач 2022-жылдын 16-декабрында Сузай райондук соту карап, Шавкат Кылмыш кодексинин 122-беренесиин 2-бөлүгүнүн 5-пункту (бейбаштык максатта адам өлтүрүү (он эки жылдан он беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган) боюнча күнөөлүү деп табылып, 13 жылга эркинен ажыратылган. Жаза өтөө мөөнөтү 2022-жылдын 11-сентябрынан тарта эсептелген.

Кийинчерээк бул иш апелляциялык тартипте Жалал-Абад облустук сотунда каралган.

Облустук сот тараптарды угуп, ишти карап чыгып, Шавкаттын кылмыш аракетин 122-берененин 1-бөлүгүнө өзгөрткөн (Адам өлтүрүү (сегиз жылдан он эки жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган). Ага ылайык, ал 11 жылга абакка кесилген. Аны менен бирге анын жаза өтөө мөөнөтүн 2022-жылдын 10-мартынан тарта эсептөө каралган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>