Азия чемпионаты: Балбандардын беттештеринен сүрөт баян

Азия чемпионаты: Балбандардын беттештеринен сүрөт баян

Астана шаарында 9-14-апрелде күрөш боюнча Азия биринчилиги болуп өттү. Бул мелдеште кыргызстандык балбандар жалпы 14 медаль утушту.

Reporter.kg Дүйнөлүк күрөш уюму тарабынан тартылган кыргызстандык балбандардын беттештери учурундагы сүрөттөрүн топтоду.

Азия чемпионатында грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акылбек Талантбеков (82 кг) алтын, Үзүр Жусупбеков (97 кг) күмүш, Адилхан Нурланбеков (72 кг), Роман Ким (130 кг), Раззак Бейшекеев (67 кг) коло тагынды.

Балбан кыздардан Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш жана Калмира Билимбек кызы (59 кг) коло утушту.

Эркин күрөштөн Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) алтын, Алмаз Сманбеков (57 кг) күмүш, Улукбек Жолдошбеков (65 кг) менен Орозобек Токтомамбетов (70 кг) коло байгеге татыды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>