Жалал-Абадда жакырчылыкты жоюу үчүн 60 млн сом бөлүндү

Жалал-Абадда жакырчылыкты жоюу үчүн 60 млн сом бөлүндү

Жалал-Абад облусунда аракети бар үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу үчүн 60 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев менен болгон жолугуушуда билдирди.

Анын айтымында, облус боюнча 600 бизнес долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен 60 млн. сом бөлүндү.

“Социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам жөнүндө долбоордун алкагында «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пул алуучулары 100 миң сом грант алуу үчүн сынака катышууга жана өз ишин ачканга мүмкүнчүлүк алышат. Бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жакырчылыктан чыгууга жардам берет» — деди Жылдыз Полотова.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>