Диндердин өнүгүү тарыхы сабагы алгач 9-класстарга окутула баштайт

Диндердин өнүгүү тарыхы сабагы алгач 9-класстарга окутула баштайт

Диндердин өнүгүү тарыхы сабагы алгач 9-класстарга окутула баштай. Бул тууралуу Reporter.kg’ге билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов билдирди.

Анын айтымында, бул сабак быйыл 1-сентябрдан тарта киргизилет. Токтомго ылайык аталган сабакты 7, 8, жана 9-класстар окушу керек. Учурда окуу китептери (кыргыз жана орус тилинде) 9-класстар үчүн гана даяр болгондуктан, 7 жана 8-класстар үчүн бул сабак киргизилбей турат. Бирок азыркы тапта алардын окуу китептери даярдалууда.

«Республикалык мугалимдердин дараметин жогорулатуу институту тарабынан тренерлер даярдалууда. Ош менен Бишкек шаарларында сынактык түрдө 73 тренер даярдалат. Анын ичинде 36 мугалим, 37 теолог. Алар жер-жерлерде 2 мин 600 мугалимди окутушат. Бул сабактын негизги максаты — ар бир дин боюнча, диндердин маданиятка, илимге, искусствого кошкон салымы боюнча толук маалымат берүү. Эки жумалык тренинг менен ишти токтотпой, жыл бою мугалимдерге диндердин өнүгүү тарыхы боюнча кошумча тренингдерди өткөрүп турабыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, аталган предметти мектептерде окутуу тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров быйыл июнь айында кол койгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>