ЖАМК: Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга экстрадицияланды

ЖАМК: Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга экстрадицияланды

Казакстанда аткезчилик үчүн соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Самат Калыков билдирди.

“Азыр эле тактадым, Дамирбек Асылбек уулу кечээ алынып келиниптир. Учурда СИЗО-1де. Жогорку Сот эки өлкөнүн ортосундагы мыйзамдардын айырмачылыгын карап чыккан соң, анын кайсы мекемеде жаза өтөрү аныкталат”, — деди Калыков.

Буга чейин ЖАМКнын өкүлү Дамирбек Асылбек уулунун кыргызстанга алынып келингени боюнча маалыматы жок экенин билдирген.

Биринчилерден болуп Дамирбек Асылбек уулунун Кыргызстанга экстрадицияланганы тууралуу Informator.kg  басылмасы жазып чыккан.

Белгилей кетсек, 24-апрелде Алматанын райондор аралык экс-депутат Дамирбек Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмүн чыгарган. Ошондой эле өлкөдөн жаза өтөө мөөнөтү аяктаган соң чыгары тууралуу өкүм чыгарган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>