Аймен Касенов Кыргызстандын президенттигине талапкер болуу үчүн БШКга арыз берди«Өзүңүздү Ташиев сезип алдыңызбы?» — Сурабалдиева вице-мэрди катуу сынга алдыИнновациялык борбор Технологияларды трансферттөө жана инновациялар борбору болуп өзгөртүлдүКазакстанда эт 1400 сомго, Өзбекстанда 1200 сомго чейин сатылууда — министрБишкекте өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар балдардын адаптивдүү спорт борбору ачылды«Ош» аэропортунун жаңы терминалы 2026-жылдын аягына чейин курулуп бүтүшү керек
ЖАМК: Сапар Исаков менен Албек Ибраимовго иш козголду
14.10.2020 | 12:34
Парламенттик шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда абактан чыгарылган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен экс-мэр Албек Ибраимовго иш козголду.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдиргендей, аталган адамдар жазасын өтөп жаткан жайга кайтып келишкен эмес.
Мындан улам бул факты “жаза өтөөдөн качуу” беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.
Белгилей кетсек, шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир нече саясатчы абактан чыгып кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар