Ошто 70тей көп кабаттуу үйдүн фасаддары жаңыланатӨКМ: Тоолуу аймактарда 10–12-майда сел жүрүү коркунучу барСокулукта 5 күндөн бери изделип жаткан өспүрүм табылдыБишкекте 9-май күнүндөгү иш-чараларда коопсуздук чаралары күчөтүлөтБорбор Азия өлкөлөрү сугат мезгилинде Токтогул ГЭСинен суу берүүнүн көлөмүн макулдаштыМонополияга каршы кызмат: Кыргызстандагы баалар эң жогору эмес — уй эти жана бензин боюнча маалыматтар
ЖАМК: СИЗО-1де жаткандар жетекчиге нааразы болуп оозун тиккен жок
12.03.2021 | 12:23
Бишкектеги СИЗО-1де жаткандар жетекчилик кызматына Марс Жусупбековдун дайындалуусуна нааразы болуп оозун тигишти деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, №1 тергөө изоляторунда кармалып отурган соттолуучу Б.И. Чүй облусунун Ысык-Ата райондук соту тарабынан 300 миң сом айып төлөө менен 5 жылга эркинен ажыратылган. Ал 11-мартта соттун чечимине макул эместигин айтып ачкачылык жарыялаганын билдирип, Чүй облустук сотуна аппеляциялык арыз жазган.
Жогорудагы факты боюнча СИЗО-1дин кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылат.