Жанар Акаев БШКнын сайтындагы катаны так түшүндүрүүнү талап кылды

Жанар Акаев БШКнын сайтындагы катаны так түшүндүрүүнү талап кылды

«Альянс» партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаев БШКнын сайтында добуштарды автоматтык түрдө саноодо кеткен катаны так түшүндүрүүнү талап кылды. Ал партиянын атынан кайрылууну Фейсбук баракчасына жарыялады.

«28-ноябрда кечинде шайлоо босогосун алдын ала жыйынтык боюнча 10 партия басып өттү деген кабар чыккан учурда Алтынбек Сулайманов экөөбүз штабга келген журналисттердин суроосуна жооп бергенбиз. Ошондо бир нече партиянын Жогорку Кеңешке келгенин кубаттап, бул шайлоодо мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу административдик ресурс колдонулбаганын, акча таратууларды да күч органдары мурдагы шайлоолорго караганда тыкыр көзөмөлдөгөнүн, бирок айрым партиялар түрдүү ыкма менен сатып алуу аракетин жасаганын белгилегенбиз», — деп жазган Жанар Акаев.

Ал белгилегендей, БШКнын сайтындагы бардык кыргызстандыктар көргөн каталар тыкыр иликтениши керек.

«Бул партиянын атынан эмес, жеке интервью болгон. Ошондон бери кандайдыр бир билдирүү жасаган жокпуз, ошол учурдагы маектен үзүндүнү ар кандай өңүттө бурмалабаганга чакырам. Маектен көп убакыт өтпөй БШК сайтында коомчулукта күмөн жаратчу жагдайлар орун алды. Анын баары тез арада териштирилип, элге ачык жана так маалымат берилиши керек!», — деди Жанар Акаев.

Ал бардык саясий күчтөрдү добуштарды кол менен саноого активдүү катышууга чакырып, ошондой эле БШКнын сайтындагы катаны жүйөлүү түшүндүрүүнү талап кылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>