Жанар Акаев: Лейлек анклав болбойт, Ворухка коридор берилбейт

Жанар Акаев: Лейлек анклав болбойт, Ворухка коридор берилбейт

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев “Бийлик Тажикстанга Тажикстандын Ворух анклавына коридор берип, Лейлекти анклавга айландырышы мүмкүн” деп кооптонуп жаткан кыргыз элине видео кайрылуу жасады.

Акаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, миграциялык коопсуздук боюнча комитет жабык эшик артында жыйын өткөргөнүн, ага УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев катышканын билдирди.

Депутаттын айтымында, бийлик Ворухка коридор берүүнү көздөбөйт. Ал эми Лейлек анклав болуп калат деген кооптонуулар негизсиз.

«Ар кандай протоколдор күчүнө кириши үчүн эки мамлекеттин ортосунда бул өлкөлөрдүн президенттери кол койгон келишимдер болушу керек. Белгилүү процедуралар аткарылышы абзел. Президенттердин эч нерсеге кол коюу ниети жок. Андыктан, бийлик тарабынан өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келген аракеттер болбойт деп ишендирип кетем», — деп эл өкүлү социалдык тармактардын колдонуучуларына кайрылды.

Ал кыргызстандыктарды ушак-айыңдарга көңүл бурбоого жана расмий маалыматка гана ишенүүгө чакырды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>