Жаан, кар жаайт: 2-мартка карата аба ырайыАйсулуу Тыныбекова уул төрөгөнүн жарыяладыИранда өлкөнү башкаруу үчүн убактылуу кеңеш түзүлдүАйпери Медет кызы Албаниядагы рейтингдик турнирде дүйнө чемпионун жеңип, алтын алдыИрандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болдуКооптуу: Бишкекте жарамазан айткан балдарга байланыштуу көзөмөл күчөтүлөт
Жаңы “Ак Кула” ат майданы 30 миң орунга эсептелип салынат
30.09.2024 | 10:53
Военно-Антоновка айылында салына турган жаңы “Ак Кула” ат майданы 30 миң орунга эсептелип курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Ат майдандын долбоордук-сметалык документтерин даярдоого 31 млн 85 миң сом каралган. Тендер боюнча арыздар 14-октябрга чейин кабыл алынат.
Ат майдандын жалпы аянты 224,8 гектарды түзөт. Анын аймагында 30 миң орундуу трибуна, 1200-1500 орунга эсептелген унаа токтотуучу жай (жер алдындагы унаа токтотуучу жай да салыныш мүмкүн), 500 орундуу мейманкана, 1000 орундуу ашкана, 20 жылкыга ылайыкталган аткана, даараткана, административдик имарат ж.б. салуу пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом