Чек арада табылган 2 тоннель. Өзбекстандын Коопсуздук кызматы эмне дейт?

Чек арада табылган 2 тоннель. Өзбекстандын Коопсуздук кызматы эмне дейт?

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы кыргыз-өзбек чек арасында табылган жашыруун эки тоннель тууралуу маалымат таратты. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазды.

Белгилүү болгондой, тоннелдер Өзбекстандын Ханабад шаары менен Кыргызстандын Бек-Абад айылын (Сузак району) байланыштырып турган. Алар аркылуу эки өлкөнүн жарандары аткезчи жүк ташып турган. Эки тоннелдин тең тереңдиги дээрлик 20 метрге жетип, туурасы 70-80 см жана бийиктиги 170-180 сантиметрди түзөт. Бириниин узундугу — 350, экинчисиники — 135 метр.

Алгач Өзбекстандын атайын кызматы тоннель менен Ханабадга өткөн Кыргызстандын жаранын кармаган. Ал тоннель аркылуу ташып өткөн 16 капка салынган 813 уюлдук телефон менен колго түшүрүлгөн. Ал кайра Кыргызстанга салмагы 1 кг 745 граммды түзгөн алтын куймаларды жана зер буюмдарды алып кетмек.

Андан кийин кыргызстандык жарандын өнөктөрү Анжиян шаарында аныкталып, аларга таандык 10 дарек боюнча тинтүү жүргүзүлгөн. Ал жактан тоннель аркылуу ташылып өткөн уюлдук телефондор, планшеттер, ноутбуктар жана аларга керектүү аксессуарлар табылып алынган.

Бул топтон жалпы ар кайсы үлгүдөгү 3 миң 813 уюлдук телефон, 50 планшет, 97 ноутбук, 1000ден ашык аксессуар, ошондой эле 1 кг 745 грамм алтын жана зер буюмдар алынган. Алдын ала эсеп боюнча алардын баасы 11 млрд сумга (79 млн 38,4 миң сом) жетет.

Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын УКМКсы менен Жалал-Абаддын милициясы Сузактын Бек-Абад айылында аткезчи жүк ташуу үчүн казылган 2 тоннель табылганын билдирген. УКМК тоннель 19-мартта, милиция 20-мартта табылганын кабарлаган.

Сузакта аткезчилик жүк ташуу үчүн казылган дагы бир тоннель табылды (видео)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>