Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан аял менен үч баласы аман-эсен табылды

Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан аял менен үч баласы аман-эсен табылды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда дайынсыз болуп жаткан 36 жаштагы Наргиза Абдалиева менен үч баласы Бишкектен аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин облустук милиция Базар-Коргондо 36 жаштагы Наргиза Абдалиева 28-февралда 11 жана 7 жаштагы кыздары, 2 жаштагы уулу менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, аларды издешүүгө коомчулуктан жардам сураган.

Маалымат ЖМКларга жана социалдык тармактарга тараган соң аял өзү байланышка чыккан. Ал жумуш издөө үчүн үйүнөн эч кимге айтпай чыгып кеткендигин билдирген.

Базар-Коргон райондук милициянын кызматкерлери аялдын Бишкек шаарында жашаган жерине барып, кабар алып келишкен.

Милиция кайдыгер карабай көмөктөшкөн ЖМК өкүлдөрүнө жана жарандарга ыраазычылык билдирет.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>