Жаңы төрөлгөн 4 эмге туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди

Жаңы төрөлгөн 4 эмге туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди

Чүй облусттук төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн 4 эмге салтанаттуу түрдө туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, майрамдык маанайда Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызматкерлери төрөт үйүнө барышып, ымыркайлардан кабар алып, алардын бактылуу ата-энесин ымыркайлардын төрөлүшү менен куттуктап, белектерин беришти. Андан соң, дароо “Балага сүйүнчү” бир жолку жөлөк пул алууга документтер толтурулду.


Белгилей кетсек, 2023-жылдын 10-февралында Кыргызстанда төрт эм (бир уул жана үч кыз) төрөлүшкн. Аларга “Айтегин, Самира, Амина жана Алия”- деген ысымдар ыйгарылган. Азыркы күндө ымыркайлардын энесинин жана ымыркайлардын абалдары жакшы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: төрт эм

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>