Жаңы жылдык челлендж: Депутат окуучунун кыялын орундатты

Жаңы жылдык челлендж: Депутат окуучунун кыялын орундатты

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов Жаңы жыл майрамын утурлай кат менен кайрылган 12 жаштагы Эржандын кыялын орундатты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарындагы мектептердин биринде билим алган Эржан жазган катында алты бир тууганы бар экенин жана футболго кызыгарын белгилеген. Андан тышкары, ата-энеси тууралуу айтып берген.

Кат алган депутат Айбек Маткеримов Эржанга кыялданган өзү тебилүүчү жабдууну тапшырып, бир туугандарына да таттууларды белек кылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>