Турак жай кооперативдери боюнча жүздөгөн кылмыш иши козголгон

Турак жай кооперативдери боюнча жүздөгөн кылмыш иши козголгон

Кыргызстанда учурда бир нече турак жай кооперавтивге карата жүздөгөн кылмыш иши иликтенүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Министрлик, кылмышкерлер жарандардын мүлкүн ээлеп алуу үчүн ар кандай ыкмаларды ойлоп табарын, анын ичинде кыймылсыз мүлк кылмышкерлердин өзгөчө кызыкчылыгын жаратарын белгилейт.

«Турак-жай көйгөйүн чечүү — көпчүлүктүн маселеси. Бир нече жыл мурда турак жай кооперативдери түзүлө баштаган, бирок бул жерде да үй сатып алуучулар мыйзамсыз схемаларга туш болуу коркунучуна дуушар болушат – турак жай кооперативдеринин ишинде айкындык жана тактык жок, аманатчылардан чогултулган каражаттар кепилдиктер менен колдоого алынбайт. Акыркы жылдары турак жай  кооперативдери аркылуу кыймылсыз мүлккө ээ болуу ыкмасы активдүү жайылууда, бирок ошол эле учурда алданган жарандардын саны да өсүүдө.

Каржы пирамидасынын негизги белгилери — кыска мөөнөттө турак жай алуу убадасы, ачык-айкындуулуктун жоктугу. Эгерде сизге «баштапкы сумманы саласыз жана 4-6 айдын ичинде турак жай ала аласыз» деп айтышса, анда ал этият болууга негиз болуп саналат жана каржы пирамидасынын схемасы менен мындай уюмду айланып өтүү жакшы. Абийирдүү турак жай кооперативи турак жайды алуу убактысына эч качан кепилдик бербейт жана кезектин жүрүшү жөнүндө маалымат аларда ачык», — деп билдирет ИИМ.

ИИМдин маалыматы боюнча, турак жай кооперативдери боюнча 80ден ашуун кылмыш иши козголгон.

«ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, S-Line турак жай кооперативи жарандарга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирип, 80ден ашуун кылмыш иши козголгон. Келтирилген материалдык чыгым 79 млн 990 миң сомдон ашат. Аталган коммерциялык эмес турак жай кооперативинин бир катар жетекчилери кылмыш жоопкерчилигине тартылууда.

«Ихсан Групп ЛТД» турак жай кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 500 кылмыш иши козголуп, жарандарга 600 млн сомдон ашык чыгым келтирилген. Бул коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчилери кылмыш жоопкерчилигине тартылууда.

 Андан сырткары, башка турак жай кооперативдеринин иштердүүлүгү, анын ичинде «Береке Групп ЛТД»  коммерциялык эмес турак жай кооперативи боюнча кылмыш иштери иликтенүүдө.  Учурда «Береке Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жарандардан 300 арыз түшкөн», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик мыйзам боюнча турак жай кооперативдерине уруксат берилгенин, бирок аны пайдаланып, мыйзамсыз иш жүргүзгөндөр бар экенин белгилейт.

«ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы турак жайларга суроо-талап көп болгондугуна байланыштуу кыймылсыз мүлктү сатып алуунун ар кандай түрлөрү бар экендигин белгилейт. Бирок сатып алуучулардын кызыкчылыгын коргоодо алардын ичинен дагы туура келбегени бар. Мыйзам боюнча коммерциялык эмес турак жай кооперативдерин түзүүгө уруксат берилген. Бирок, ошол эле учурда кооперативдердин кыймылсыз мүлк чөйрөсүндө каржы пирамидасына окшош ишмердүүлүк жүргүзгөндөрү тынчыздандырат. Ушуга байланыштуу, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарга коммерциялык эмес турак жай кооперативдери аркылуу үйлөрдү сатып алуу максатында  акча каражаттарын салууда тобокелчиликтер бар экендигин эскертет», — деп билдирет ИИМ.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>