Жаныбек Абиров Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышат

Жаныбек Абиров Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышат

Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Жаныбек Абиров Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышат. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын билдирүүсүнө караганда, ал Бишкек шаарынын Ленин районунан  бир мандаттуу округдан катышат.

«Бул убакытка чейин 4 жыл Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп, 3 жыл төрагалык милдетти аткардым. Бул жылдар аралыгында командабыз менен жигердүү, таза, так иш алып барып келдик. Буюрса аткарылчу иштерибиз, пландарыбыз абдан көп. Жаркын келечек үчүн жаштыгыбызды, дем күчүбүздү арнап, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошууга шайлоого аттандык»,- деп жазган ал.

Жаныбек Абиров 2018-жылы шаардык кеңешке төрага болгон.  Абиров быйыл 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештин депуттарын шайлоого «Эмгек» партиясы менен катышып, талапкерлердин тизмесинин сап башында турган.

Кыргызстанда 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституциянын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет. Шайлоого катышуу үчүн 75 партия БШКнын каттоосунан өткөн. Ал эми учурда 92 талапкер бир мандаттуу округдан шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>