Жапаров: 2026-жылга карата электр энергиясын экспорттой баштайбыз 

Жапаров: 2026-жылга карата электр энергиясын экспорттой баштайбыз 

2026-жылы энергетика тармагында профицитке жетип, электр энергиясын экспорттой баштайбыз. Бул тууралуу Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, электр энергиясынын тартыштыгын жоюу максатында 2023-жылы ар бири 71 МВт болгон 5 кичи ГЭС, 5 күн электр станциясы, Токтогул ГЭСинин экинчи гидроагрегаты ишке киргизилген. 2024-жылы кубаттуулук 178 МВтка көбөйөт, тактап айтканда, 25 кичи ГЭС жана Токтогул ГЭСинин дагы бир гидроагрегаты ишке киргизилет. Келерки жылы кубаттуулугу 700 МВт болгон күн электр станциялары ишке киргизилет, Талас районундагы кубаттуулугу 5 МВт болгон Бала-Саруу ГЭСи. Ошондой эле 2024-жылы 300 миң жерге АСКУЭ эсептегичтери орнотулат, бул энергиянын жоготууларын азайтат.

Министрлер кабинетинин башчысы ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга басым жасады.

«Камбарата ГЭС-1 боюнча даярдык иштери аяктап жатат: тоннелдер, жолдор, линиялар. Курулуштун биринчи фазасы боюнча Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Казарман, Көкөмерен, Чаткал каскаддарын жана 500 киловольт кубаттуулуктагы Кемин-Торугарт линиясын долбоорлоо башталат. 2024-жылы кыргыз бөлүгүндө CASA-1000 долбоору боюнча иштер аяктайт. 2 жылдан кийин Куланак ГЭСи иштей баштайт. 2026-жылы энергетика тармагында профицитке жетип, электр энергиясын экспорттой баштайбыз”, — деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы андан ары «Кыргызкөмүр» 2024-жылы Кытайга 4 кенден: Ак-Улак, Үрмезан, Кара-Кече, Беш-Буркан көмүрүн экспорттой баштайт. 2025-жылга чейин Нарын облусунда көмүрдү байытуу заводу курулат.

Ошондой эле Акылбек Жапаров 2024-жылы 30 миң тонна битум өндүрүлүп, 450 чакырым жолго асфальт төшөлөөрүн белгиледи. Айылдардын ортосуна асфальт төшөлүүдө. Түндүк-Түштүк унаа жолундагы Көк-Арт тоннели бүткөрүлүп, жол ачылат. Туризм тармагында Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркындагыдай шартта 4 орун ачылат.

2024-жылы Балыкчы-Кочкор темир жолунун дагы 20 чакырымы бүткөрүлүп, 2026-жылы толук ишке кириши күтүлүүдө. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси аяктады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>