Бишкекте башкы балатынын оту жанды

Бишкекте башкы балатынын оту жанды

Бүгүн саат 19:00дө Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысынын отун жандыруу аземи болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чарага мэр Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов катышты.

«2023-жыл жемиштүү жыл болду деп ишенимдүү айта алабыз. Долбоорлор ишке ашырылып, жаңы бала бакчалар, саламаттыкты сактоо мекемелери ачылып, майрамдар өткөрүлүп, маанилүү даталар белгиленип жатат», — деди А.Жунушалиев.

Көрүүчүлөр үчүн шоу жана жаңы жылдык сценка коюлду. Ошондой эле, кыргыз эстрадасынын жылдыздары, борбор калаанын мэриясынын маданият бөлүмүнүн артисттери, балдар ансамблдери шаар тургундарына жана конокторуна жаңы жылдык маанай тартуулашты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>