Улан Ниязбеков Түркиянын ички иштер министрине сунуштарды берди

Улан Ниязбеков Түркиянын ички иштер министрине сунуштарды берди

Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрлери кыргыз жарандарынын коопсуздугуна тиешелүү маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 20-июлда Анкара шаарында ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая менен жолукту. Жолугушууга Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Руслан Казакбаев да катышты.

«Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коопсуздук, тажрыйба жана маалымат алмашуу, ошондой эле киберкоопсуздукту камсыздоо жаатындагы мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу стратегиялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин кеңири талкуулашкан.  Кыргыз тарап Түркияга эмгектенүү үчүн келген Кыргызстандын жарандарынын, ошондой эле Түркияда узак мөөнөттүү болушунун коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи. Түркиянын миграциялык саясатындагы учурдагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен кыргыз тарап ар кандай себептерден улам өлкөдө жүрүү эрежелерин бузган Кыргызстандын жарандарына тоскоолдуксуз (айыпсыз жана депортациясыз) өлкөдөн чыгып кетиши жана кийин мыйзамдаштырылышы үчүн миграциялык мунапыс берүүнү сунуштады.
Ошондой эле Улан Ниязбеков түрк тарапка Кыргызстандын жарандары үчүн визасыз режимди 90 күндөн 180 күнгө чейин жогорулатуу, ошондой эле ички паспорттор (ID-карталар) аркылуу өз ара сапарларды жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи», — деп жазылат маалыматта.

Ал эми Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая кыргыз тараптын сунуш-талаптарын деталдуу иликтеп чыгууга даяр экени айткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>