Саламаттык сактоо министрлиги санариптик сервистерди өнүктүрүүнү тапшырдыКыргызстандын мурдагы башкы прокурору Камбаралы Конгантиев дүйнөдөн кайтты2ГИС: Кыргызстанда ат клубдарына болгон суроо-талап бир жылда 415% өстүУлуттук банк насыя тарыхындагы маалыматтарды сактоо мөөнөтүн кыскарттыАптаптуу ысык +39°Cге чейин: 1-августка карата аба ырайыБорбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын лидерлери Чолпон-Ата декларациясына кол коюшту
Жапаров: Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 6 млрд долларга чейин кетет
01.09.2022 | 15:31
Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 6 млрд долларга чейин кетиши мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул долбоорго ири акча каражаттарын жумшоо зарыл болгондуктан бир топ мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек болот.
“Биз Камбар-Ата-1 ГЭСи долбооруна кириштик. 2014-жылдын техникалык-экономикалык негиздемеси боюнча (чыгымы – ред.) 3 млрд доллар болгон. Андан кийин материалдардын баасы кескин өсүп кетти. Биздин эксперттердин болжолу боюнча ал 5 млрд доллардан 6 млрд долларга чейин кете турган чоң долбоор болуп жатат”, – деди ал.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом